Байсалбек Орозали уулу Жапониядагы сурдлимпиада оюндарында коло медаль жеңди (видео)

Кыргызстандык спортчу Байсалбек Орозали уулу Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында сурдо-дзюдо боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, беттештин жүрүшүндө кыргызстандык спортчу алгачкы эки беттешин ийгиликтүү жыйынтыктады. Биринчи айлампада Венесуэла өкүлүн, экинчи айлампада килем ээси жапон балбанын жеңди. Тилекке каршы, жарым финалда Бразилиянын спортчусунан утулуп калды.
Коло медаль үчүн таймашта Байсалбек ирандык балбанды таза “иппон” ыкмасы менен жеңип, 3-орунду багындырды.
Байсалбек Орозали уулу Япониядагы сурдлимпия оюндарында коло медалын жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан