Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын алкагында ушу-саньда боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 70 килограмм салмак боюнча Аброр Хакимов күмүш медаль утту. Ал эми 60 килограммдык салмак категориясында күч сынашкан Дастан Каныбек уулу менен 85 килограмм салмак боюнча Темирлан Аманкулов коло медаль утушту.
Эске салсак, Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүүдө. Иш-чара 21-ноябрга чейин уланат.