Бүгүн, 20-январда футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Катардагы машыгуу сборунун алкагында беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21 жашка чейинки кыргызстандык футболчулар жергиликтүү “Аль Харитият” клубуна каршы ойношот. Бул оюн машыгуу сборунун алкагындагы жалгыз оюн болот.
Эске салсак, жаштар курама командасы Катарга “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине даярдык көрүү үчүн 12-январда учуп кеткен.