Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында кайгуул кызматкерлери тарабынан унаасына жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн, ошондой эле терезелерин мыйзамсыз түрдө караңгылаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, текшерүү маалында унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги жана терезелерин уруксатсыз караңгылатканы аныкталган. Бул мыйзам бузуу фактыларына жалпы 40 миң сом өлчөмүндө айып салынып, унаа айып короосуна токтотулду.
Мекеме мыйзам бузуу учурларын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды мындан ары да уланта турганын кошумчалады.