
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп
Камчыбек Досматов дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Досматовду эмгек жамаатка тааныштырган эмгек министри Канат Сагынбаев ага мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.