Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштырган жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук милицияга Ош эл аралык аэропортунун аймагында тийиштүү уруксат берүүчү лицензиясы жок, мыйзамсыз акча алмаштырып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында тийиштүү укук берүүчү лицензиясы жок акча алмаштырып жүргөн 31 жаштагы К.А. жана 46 жаштагы Т.М. аттуу жарандар аныкталган. Чогултулган материалдын негизинде Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 299-беренесинин 1-бөлүкчөсүнө ылайык, Улуттук Банк тарабынан 17 миң 500 сом айып пул салынган.