Биз социалдык тармакта

17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. Маданият министрлиги кесип ээлерин куттуктады  

Бүгүн, 17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, бул тармакта эмгектенгендерди куттуктады.
Министрлик аталган датаны утурлап, кинематографиянын калыптанышына, өнүгүшүнө жана дүйнөлүк аренада таанылышына салым кошуп келе жаткан бардык кесипкөйлөрдү Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.
"Кыргыз киносу элдин руханий баалуулуктарын, тарыхый мурасын, маданий өзгөчөлүктөрүн жана коомдук турмуштагы өзгөрүүлөрдү терең чагылдырган күчтүү искусство тармагына айланып келе жатат. Ар бир доордун режиссёрлору, актёрлору, сүрөтчүлөрү жана операторлору экранда өз жолу менен из калтырып, кыргыз тасмаларын дүйнөнүн булуң-бурчундагы көрүүчүлөргө жеткирди.
Эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон чыгармалар кыргыз режиссёрлорунун чыгармачылык дараметин жана улуттук кино өнөрүнүн өзгөчө стилин таамай ачып берди. Бүгүн да жаш кинематографисттердин жаңы форматтары, заманбап темалары жана инновациялык ыкмалары кыргыз киносун жаңы бийиктиктерге жеткирүүдө",- деп жазылган куттуктоодо.
Ошондой эле министрлик улуттук киноматографияны өркүндөтүүгө эмгек сиңирген инсандарга терең ыраазычылык билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан