Бишкектин айырым аймактарында 20-ноябрда, саат 09:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун өчүрүүнүн себеби Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн дарыясы – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.
"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана уюмдарды керектүү көлөмдө ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.