Ысык-Көлдө курулуп жаткан гольф талаасынын бийиктен тартылган видеосун блогер, видеограф Николай Гладков бөлүштү.
Маалыматка ылайык, Кош-Көл айылында Кыргызстандагы алгачкы гольф-клубдун курулушу жүрүп жатат. Аталган жай 104 гектар аянтты ээлеп, анын 70 гектары "линкс" стилиндеги 18 чуңкурчага арналган.
"Ысык-Көлдө гольф-клуб курулуп жатканын көпчүлүк биле бербесе керек. Бул саналуу гана адамдар үчүн эмес, бул жер бардык каалоочулар үчүн",- деп билдирүү калтырган Гладков.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров бул жер Борбордук Азиядагы эң чоң гольф талаасы боло турганын билдирген эле.