Мас абалындагы айдоочу аны токтоткон МАИ кызматкерин муунтканга аракет
кылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 17-январда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районундагы
жол жээгинде нөөмөтүн өтөп турган Жол-кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган Мерседес үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Рулда отурган 48 жаштагы айдоочу
мас абалында болгондуктан, аны текшерүү үчүн наркологиялык борборго алып баруу сунушун
айткан. Айдоочу макул болуп
МАИчинин унаасына отурган. Арткы отургучта отурган мас айдоочу жолдо баратканда инспекторго кол салып, муунтуп
кирген. МАИ кызматкери андан зорго кутулуп, жардамга кесиптештерин чакырган. Андан соң айдоочуну милициянын райондук бөлүмүнө өткөрүп
беришкен. Учурда бардык материалдар топтолуп, тергөө иштери жүрүүдө.