Бул жолу SUPER.KG медиа порталынын маек төрүндө тамашоучу, актриса Нуриса Касымбекова болду.
Анын өзгөчө тамашалары, ачык-айрым мүнөзү өз күйөрмандарын суктандырса керек. Маекте чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп козголду.
"Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка, сатираларга жакын болчумун. Ошол кезде Назира Жетигенова ойногон сатираны чоң залда ойноп, элдин кол чабуусуна арзыгам. Эң биринчи чыгармачылыктан тапкан акчам дагы ошол болчу. Ошондон кийин ушул тарапка кызыгуум күчөдү", - дейт Нуриса Касымбекова.
Маекти толугу менен SUPER.KG медиа порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.