
Ош шаарынын аймагында эттин баасынын туруктуулугун сактоо максатында мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ош мэриясы билдирди.
Мэрдин орун басары Адилет Шаршеналы уулу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте сатуучуларга эттин баасын негизсиз көтөрбөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Учурда аталган аймакта эттин килограммы 680 сомдон сатылууда.
Ошондой эле Ош шаарында үч жерде айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн жарманкелер уюштурулду. Мэрия бул кадам сапаттуу азыктарды базар баасынан арзан сатып алууга өбөлгө түзөрүн белгилейт.