Сокулукта мас айдоочу темир түркүктү сүзүп, кырсыктан анын энеси каза тапты

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, Сокулук районунда 17-январь күнү мас айдоочу темир түркүктү сүзүп, кырсыктын кесепетинен анын энеси каза тапты. 
Окуя 11:40 чамасында “Манас” аэропортунун жолунда катталган. Анда 35 жаштагы адам мас абалында Тойота Карина унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай жол жээгиндеги темир түркүктү сүзгөн. 
Унаанын ичиндеги айдоочунун 59 жаштагы энеси кырсык болгон жерде каза тапкан. Иликтөөлөр жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bodibilding
2014-01-20 11:32:34
Мас абалда машина айдап не кылат энесинин олумуно себепкер болуп
+2
Brat_Kuba
2014-01-20 11:36:04
Авариядан кырылып кала турган болдук го ((
0
beknur95
2014-01-20 22:35:51
Энесинин жайы жанната болсун,ичкиликтин пайдасы ушул да.Эчким ичпей койсо жакшы болмок,окунучтуусу азыр копчулук спирт ичимдиктеринин досу
0
asad9
2014-01-20 22:39:34
арак ичип муйуз чыккан турбайбы. эмкисин катын баласын салып алып айдасын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан