Бажы кызматынын кинологдору мекемелер аралык мелдеште үч алтын жана бир күмүш медаль жеңишти. Бул тууралуу видео соцтармакта тарады.
IV мекемелер аралык мелдеш Бишкектеги Ички иштер министрлигинин спорт комплексинде өттү. Турнирге өлкөнүн эң күчтүү кинологиялык бөлүмдөрү катышты.
Иттер багаждан, жүк ташуучу унаалардан жана жүргүнчү ташуучу унаалардан баңгизат табышы керек болгон.
Бажы кызматынан төмөнкүлөр катышты: