Биз социалдык тармакта

БШК аймактардагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда 

Борбордук шайлоо комиссиясы облустардагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуунун алкагында шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын укуктары жана алардын иштөө принциптери түшүндүрүлөт.

"Шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча, атап айтканда, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоочу протоколдорду толтуруу жаатында кеңири маалымат берилет",- деп билдирди БШК.

Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга шайлоо боюнча адистер тартылганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан