Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жарым финалга чыкты. Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күч сынашууда.
Кыргыз балбаны 1/8 финалда Тунистин өкүлүн мөөнөттөн мурда утса, чейрек финалда Египет балбанын 9:0 эсебинде жеңди. Эми Махмудов жарым финалда күрөшөт.
Азырынча анын атаандашы аныктала элек.