Кылмыш ишин жабуу үчүн 1 тонна күрүч сураган Кара-Кулжа райондук прокуроруна кылмыш иши козголду

КРнын Башкы прокуратурасы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун прокурору А.К.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди. 
Маалыматка ылайык, 16-январда КРнын ИИМине С.А. аттуу жарандан Кара-Кулжа райондук прокуроруна карата чара колдонуу боюнча арызы келип түшкөн. Анда С.А.га карата аялы Ж.Ж.нын арызынын негизинде козголгон кылмыш ишин токтотуп коюу үчүн райондук прокурор 100 миң сом же 1 тонна күрүч сурагандыгы жазылган. 
18-январда Кара-Кулжа айылында ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө райондун прокурорунун айдоочусу кармалып, унаадан прокурор үчүн даярдалган 50 килограмм күрүч табылган.Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baku24
2014-01-20 12:36:41
ий ш.....аа
0
eldish12
2014-01-20 12:47:53
олду го дадин
0
boztalaa
2014-01-20 12:52:16
Арам тамак жеп чонойгон балдары кантер экен
0
Nurtilek82
2014-01-20 15:42:25
Акжол байке албай эле койсонуз болмок.
0
Sarabanda
2014-01-20 15:51:08
Бети жокго
0
legenda23
2014-01-21 04:39:11
Спикер Асылбек жээнбеков Кра-Кулжа районунан болот,прокурорду иштен алып анын ордуна дагы бир озунун тууганын ишке коёт,баардык райондо пара алатго чынбы туугандар
0
Ermek010292
2014-01-22 01:44:50
Азыр прокрор Акжол эмес Кубаныч Нарындан болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан