Балбан Асан Жанышов Сауд Арабиясындагы турнирде жарым финалга жетти

Бүгүн, 18-ноябрда кыргыз балбаны Асан Жанышов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жарым финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Балбан алгач өзбек спортчусун, кийинки этапта түрк балбанын жеңди. Анын жарым финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек.

Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов да жарым финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан