Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ван И эки күн 19-ноябрь жана 20-ноябрда өлкөдө болот. Анын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун I жыйынын өткөрүү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландалган.
"Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда",- деп билдирди ТИМ.