Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Талас аймактык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объекттери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүү иштеринин алкагында Талас районуна караштуу Манас айылынын Сыйырбек көчөсү 12 дарегинде курулуп жаткан объекттин курулушка тиешелүү кагаздары жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, курулуп жаткан дүкөндүн долбоордук документтери жок жана реестрге катталбагандыгы маалым болду.
Натыйжада, башкармалык тарабынан объекттин ээсине карата акт түзүлүп айып пул салынды. Мындан сырткары, курулуштун тиешелүү документтери бүткөрүлүп, реестрге турмайынча курулуш иштери токтотулду.