"MANAS CUP 2025" эл аралык турнири жыйынтыкталды. Биздин футболчулар канча акча алышат?

Бүгүн, 18-ноябрда Манас шаарында "MANAS CUP 2025" (U-23) эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бримдиги билдирди.
Маалым болгондой, жыйынтыктоочу күнү биздин жаш "Ак шумкарлар" Орусияга каршы беттешип, оюн 8:0 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады. Буга чейин "Манас кубогунун" алкагында өлкөнүн 23 жашка чейинкилер курамасы Бахрейн менен Ирандын командасын уткан болчу.

Муну менен өлкө курамасы 6 упай топтоп, 2-орунду камсыздап, 30 миң доллар акчалай сыйлык алмай болду. Ал эми 9 упай менен 1-орунду алган Орусия командасына 50 миң доллар берилет. Ошондой эле 3 упай менен 3-орунду багындырган Иран курамасына 20 миң доллар, упайсыз акыркы орунда калган Бахрейн футболчуларына 10 миң доллар тапшырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан