Асан Жанышов Ислам оюндарында коло байге утту

Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Асан Жанышов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарынын коло байгесин утту.

Ал үчүнчү орун үчүн азербайжандык Ислам Аббасов менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде утуп алды. Жанышов турнирге 87 килограммга чейинки салмакта катышты.

Ал буга чейин жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок балбан жарым финалга чейин Өзбекстан жана Түркия спортчуларын жеңген болчу.


Асан Жанышов Ислам оюндарында коло байге утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан