Акыркы сутка ичинде республика аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 20-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин сакталбагандыгы жана турак үйлөрдөгү морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.