Ош шаарында 60 жаштагы жарандын жанынан 1 килограммга жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизат сатып жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү 10-ноябрда Шакиров көчөсүндөгу кафелердин биринин жанынан кармалды. Ага кароо жүргүзгөн учурда жанынан 3,44 грамм өлчөмүндө гашиш заты алынды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал сатып өткөрүү максатында Кара-Суу районунун Шарк айылынын аймагындагы алма бактан дагы баңгизат таап берген. Атайын экспертизанын жыйынтыгында жалпысынан 829,22 грамм салмактагы баңгизат табылды.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, шектүү 1965-жылы туулган Х.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.