Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга жаран азыр менен кайрылып, анда "Ф.Р." ЖЧКсынын башкы директору А.Ж. жана анын кызы А.Б.га карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, алар ишенимине кирип, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан долбоорго инвестиция салуу деген шылтоо менен 2024-жылдын 26-августунан 2025-жылдын 4-июлуна чейинки аралыкта анын 1 миллион 476 миң 844 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209 беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1972-жылы туулган А.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.