Алай районунда катталган жол кырсыгынан 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты бүгүн, 19-ноябрда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, каргаша 16-ноябрда саат 20:20 чамасында Таш-Коро айылында болгон. Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм рулга ээ боло албай сайга түшүп кеткен.
Натыйжада унаа айдаган жана маркум баладан тышкары 17 жаштагы 2 жана 16 жаштагы 1 өспүрүм жаракат алышып, ооруканага жеткирилишкен.