Биз социалдык тармакта

Таш ыргытышып... Манаста мушташкан топ жигиттер кармалышты

Манас шаарында мушташкан жигиттер кармалышты. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, милицияга бүгүн, 19-ноябрга караган күнү түнкү саат 01:00 чамасында Спутник кичи районунда топ жигиттер бири-бирине таш ыргытышып, мушташып жатышканы тууралуу билдирүү түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жаңжал учурунда 22 жигит денесинен жаракат алып, Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Натыйжада Манас шаарынын 22-23 жаштагы 11 тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан