Бишкекте Улуу жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык студенттик кинофестиваль өтөт
24-26-ноябрда Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Миру — МИР!" аттуу эл аралык студенттик кинофестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чараны АНБО "Георгия Победоносца" жана Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети уюштурууда.
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан жаш кинематографисттер катышат. Башкы максат - тарыхый эс тутумду сактоо жана тынчтыктын баалуулугун даңазалоо болуп саналат.
Кинофестивалдын ардактуу коноктору катары Орусиянын маданият ишмерлери Игорь Петренко, Михаил Симонян жана Максим Матросов келет. Тасмалар "Россия" кинотеатрында көрсөтүлөт.