Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарында коло байгеге ээ болду (фото)

Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кадырбек кызы 53 килограмм салмак категориясындагы таймашып, 3-орун үчүн болгон беттеште Индонезиянын балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңди.

Эске салсак, Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүүдө. Иш-чара 21-ноябрга чейин уланат.

Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышууда. Кыргызстандык спортчулар жалпы 19 спорт түрү боюнча күч сынашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан