Кечээ, 19-январда жеңил атлетика боюнча Кыргызстан курама командасы Ысык-Көлгө машыгуу сборуна аттанды. Бул тууралуу Ден тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январга чейин созула турган машыгуу сборуна 9 спортчу аттанды. Бул сапар КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан каржыланат.