Биз социалдык тармакта

Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган чет элдик жаран кармалды (видео)

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Toyota Tundra үлгүсүндөгү унааны одоно түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтотушкан. Текшерүү учурунда рулда отурган чет элдик жаранда өлкө ичинде унаа башкарууга укук берген айдоочулук күбөлүк жок экени аныкталган.

"Аталган факт боюнча айдоочуга укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулду",- деп билдирди башкармалык.


Жол эрежесин сактабаган чет элдик жаран кармалды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан