BAKAI’ден 5% кэшбэк — айлык алган кардарлар үчүн максималдуу пайда

BAKAI Элкарт + картасын алып жүргөн айлык акы долбоорлоруна катышкан кардарларга өзгөчө шарттарды сунуштайт. Бул — заманбап технологиялар, коопсуздук жана пайдалуу бонустардын айкалышы.

Ар бир сатып алуудан 5% кешбэк

Эми айлыгын банк аркылуу алып жүргөн кардарлар Кыргызстандын аймагындагы дүкөндөрдө же интернет аркылуу ЭЛКАРТ + картасы менен төлөгөн ар бир сатып алуусунан 5% кешбэк алышат.

Кешбэк жергиликтүү транзакциялар үчүн эсептелет, демек күнүмдүк сатып алуулар мындан ары бир нече эсеге пайдалуураак болмокчу.

Акциянын аракеттеги мөөнөтү: 2025-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин.

Элкарт + картасын алып жүргөн айлык акы долбоорундагы кардарлар үчүн тейлөөнүн өзгөчө шарттары каралган

  • Жылдык тейлөө — болгону 100 сом
  • Картаны акысыз чыгаруу
  • Ар бир сатып алуудан НАКТАЛАЙ АКЧА ТҮРҮНДӨ 5% кешбэк
  • Яндекс Плюс сервисине 60 күнгө акысыз жазылуу
  • «Манас» аэропортунун бизнес залына атайын баа — 1 300 сом менен кирүү (кирүүлөрдүн саны чектелбейт)
  • «Манас» аэропортунан жүктү таңгактоо болгону 400 сом (жылына канча жолу таңгактаганыңызга чек коюлбайт).

Бул шарттар Элкарт + картасын рыноктогу эң пайдалуу айлык акы карталарынын катарына кошот.

BAKAI Элкарт + карталарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү улантат. Тактап айтканда кардарлар төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

  • накталай эмес төлөмдөрдө эң ыңгайлуу шарттар;
  • BakAi мобилдик тиркемеси аркылуу каржыны жеңил башкаруу;
  • кешбэктин эсептелишинин айкындуулугу;
  • бардык транзакциялардын жогорку деңгээлдеги коопсуздугу.

BAKAI айлык кардарлар үчүн шарттарды мүмкүн болушунча пайдалуу кылууга умтулат.

Элкарт + — бул жөн гана карта эмес, жеке каржыңызды заманбап, оңой жана коопсуз башкарууга жасалган чоң кадам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан