Кыргызстандык эркин күрөшчү Абдумалик Карачов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын 57 килограмм салмактагы мелдешинде жарым финалга чыкты.
Ал чейрек финалда Париж олимпиадасынын коло байге ээси жана 2025-жылкы дүйнө чемпиону, өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 10:2 эсебинде ишенимдүү жеңди. Жарым финалда Карачов гвинеялык Мохамед Исмаэл Камара менен күрөшөт.