VI Ислам оюндары. Айпери Медет кызы менен Абдумалик Карачов финалда

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы менен эркин күрөшчү Абдумалик Карачов Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарынын финалына жолдомо алды.

Айпери 76 килограмм салмак категориясында күч сынашууда. Алгачкы беттешинде казакстандык Элмира Сыздыкованы 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалда түркиялык балбанды утту. Эми алтын үчүн нигериялык Дамола Оджо менен күрөшөт.

Ал эми Абдумалик Карачов 57 килограмм салмакта күч сынашууда. Алгачкы беттешинде өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 10:2 эсебинде жеңип, жарым финалда гвинеялык Мохамед Исмаэл Камараны утту. Эми ал финалда азербайжандык балбан Ислам Базарганов менен кез келет.

Ал эми Билал Шарип уулу коло үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан