Ислам оюндары: Финалдык беттештердин убактысы белгилүү болду

Кыргызстандан төрт спортчу Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам оюндарында медалдар үчүн күрөшөт.

Эркектер жана аялдардын эркин күрөшү боюнча мелдеште 5 медаль топтому ойнотулууда. Килемге кыргызстандан төрт спортчу чыкты. Бардык кыргызстандыктар медалдар үчүн финалдык турда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Финалдык турдагы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

Алтын медаль үчүн беттештер:

  • Абдумалик Карачов азербайжандык Ислам Базарганов менен кездешет;
  • Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Светлана Окназарова менен күч сынашат.
  • Айпери Медет кызы нигериялык Дамола Оджо менен чыгат.

Ал эми коло үчүн Билал Шарип уулу Бахрейндин балбаны Алибег Алибегов менен күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан