Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматындагы коррупциялык иштердин бети ачылды

ИИМдин Ички коопсуздук башкармалыгы тарабынан аталган министрликке караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматындагы коррупциялык иштердин бети ачылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күзөт кызматынын айрым жетекчилери 2006-жылдан бери милициянын кызматтык күбөлүгүн алгысы келген адамдар менен кылмыштуу макулдашуу түзүп келишкен. Ал жарандар ар кандай кызматтарга дайындалып, маяна жана башка төлөмдөр жүргүзүлүп келген. Бирок иш жүзүндө бул адамдар ИИМ тармагында кызмат өтөшкөн эмес жана алардын эмгек акысын жооптуу кызматкерлер алып келишкен. Учурда бул факты боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан 304-беренесине (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан