2015-жылы Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине мүчө болгон. Бул кадам өлкөнүн глобалдык соода экосистемасына кошулуу менен гана чектелбестен, ички экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Бул макалада Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандан кийин экономикалык көрсөткүчтөрү, соода жеңилдетүүлөрү, чакан жана орто бизнеске болгон пайдасы, мигранттардын шарттары жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талданат. Биздин негизги суроолорго Евразия Экономикалык биримдигинен жооп узатышты.

- Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБге кирүү менен конкреттүү түрдө эмнелерге жетишти?
- Биримдикке кошулуу учурунда өлкө өзүнө пайдалуу өтүү шарттарын камсыздап, бир катар так артыкчылыктарга ээ болду.
Бул жагдайда негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшыра баштаган. ИДПнын орточо жылдык өсүшү — 4,6 пайызды түздү. Демек:
Эскертүү: 2025-жыл көрсөтүлбөйт, маалымат 2015–2024-жылдарга карай.
ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүшкө, инвестициялардын көбөйүшүнө жана бирдиктүү чоң рынокко кеңири мүмкүнчүлүк алды.
Алсак, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун механизмдеринин аркасында жаңы долбоорлор ишке ашууда. Мисалы: Бишкек жана Чүй облусунда өнөр жай парктары курулууда, электростанциялар жана жолдор модернизацияланууда, жаңы жумуш орундар ачылууда.
Чакан жана орто бизнес, мисалы, эмерек, тигүү тармагы жана IT-компаниялар ЕАЭБ рыногуна жана жеңилдетилген каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мисалы: Казакстанга сүт азыктарынын экспорту дээрлик эки эсеге өстү, ал эми Орусияга текстиль жана мөмө-жемиш жеткирүү туруктуу жана үзгүлтүксүз болуп калды.
Жалпысынан ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстанга макроэкономикалык стабилдүүлүк берип, негизги өнөктөштөр менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдап, узак мөөнөттүү өсүш үчүн кошумча инструменттерди ачты.
- Кыргызстандын жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода чыныгы турмушта жөнөкөйлөштүбү?
- Ооба, байкаларлык деңгээлде жөнөкөйлөштүрүлдү. Ички бажы, санитардык жана фитосанитардык текшерүүлөр жокко чыгарылды, ЕАЭБдин бирдиктүү техникалык регламенттери киргизилди, темир жол тарифтери теңдештирилди жана жүктөрдүн электрондук көзөмөл системалары түзүлдү. Анын арты менен:
Эскертүү: 2025-жыл көрсөтүлбөйт, маалымат 2015–2024-жылдарга карай.
- Эмне үчүн кыргыз товарлары, айрыкча айыл чарба продукциясы дагы деле Орусияга жана Казакстанга экспорттоодо тоскоолдуктарга туш болуп жатышат? Анын себеби стандарттарбы? Бюрократиябы? Квоталарбы?
- Негизги себеп — товарларды коштоочу документтердин туура эмес таризделиши, айрыкча санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык сертификаттар боюнча. Айрым ишканалар ЕАЭБдин санитардык жана фитосанитардык стандарттарына толук шайкеш келбеген учурлар бар, ошондой эле айрым азыктардын түрлөрү боюнча лабораториялык базанын жетишсиздиги байкалат.
Мындан тышкары, сезондук факторлорду да эске алуу зарыл. Ар бир продукция сезон учурунда, талап көп учурунда чек ара көзөмөл пункттарында ашыкча жүк топтолуп, кабыл алуу кечеңдейт. Бул жерде кызматкерлердин физикалык абалы да эске алынышы керек.
Бул тоскоолдуктар квоталар же бюрократия менен байланыштуу эмес, алар техникалык талаптар жана инфраструктуралык чектөөлөр менен шартталган. Бул маселелер өлкө жетекчилигинин да, ЕАЭБ комиссиясынын да күн тартибинде турат. Анткени биримдикти түзүүнүн негизги багыты таза өндүрүш жана стандарттарга келтирүү болгон.
- Кыргыз бизнеси биримдиктин алкагында өзүн кандай деңгээлде корголгон деп эсептейт?
- Жалпысынан алганда бизнес өзүн ишенимдүү сезет.
Ишкерлерди коргоо жана колдоо, ошондой эле тобокелчиликтерди азайтуу үчүн төмөнкү инструменттер иштейт:
Мындан тышкары комиссиянын алкагында айрым өлкөлөрдө соодага чектөө киргизген жана атаандаштык шартын начарлаткан учурлар каралат. Мындай маселелер боюнча тоскоолдуктарды жоюу жана бизнес үчүн бирдей шарттарды калыбына келтирүү максатында өлкөлөр менен биргеликте иштер жүргүзүлөт.
- ЕАЭБ Кыргызстандагы чакан бизнеске жардам бердиби?
- Ооба, айрыкча Биримдиктин бирдиктүү стандарттарына жана талаптарына ыңгайлаша алган ишканаларга.
Чакан жана орто бизнес төмөнкүлөргө ээ болду:
- ЕАЭБ Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарынын эмгек шарттарын жеңилдеттиби? Медициналык тейлөөгө, билим берүүгө жана укуктук коргоого жетүү канчалык жакшырды?
- Бул жерден шарттар бир топ жакшырды. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин:
Бүгүнкү күндө чет өлкөдө 600–650 миңге жакын кыргызстандык расмий түрдө иштейт. Ал эми акча которуулар жылына 3 миллиард доллардан ашат.
- ЕАЭБ ичинде чечим кабыл алууда Кыргызстан кандай роль ойнойт?
- Кыргызстан биримдиктин бардык органдарынын ишине активдүү катышат. Жогорку Евразиялык кеңештен тартып ЕЭКтин жумушчу органдарына чейин.
Кыргызстан билим берүү, санариптештирүү жана өнөр жай кооперациясы тармактарында демилгелерди илгерилетет. Ага төмөнкүлөр кирет:
Мындан тышкары Кыргызстан чакан экономиканын кызыкчылыктарын коргоп, биргелешкен инвестициялык механизмдерди иштеп чыгууга активдүү катышат.
Өлкө санарип жана кооперациялык багыттагы демилгелерди да илгерилетет, мисалы:
- Кыргызстан менен башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода чындап канчалык жөнөкөйлөштү? Экспорттун ийгиликтүү өсүшүнүн мисалдары барбы? Кыргыз өндүрүүчүлөр үчүн артыкчылыктар эмнеде — чоң рынок, бирдиктүү стандарттар, бажы төлөмдөрүнүн төмөндөшүбү?
- Сооданын жөнөкөйлөштүрүлүшү ЕАЭБдин эң байкаларлык жетишкендиктеринин бири. Ички тоскоолдуктар алынган, тарифтер бирдейленген жана санариптик көзөмөл системалары киргизилген.
Натыйжада көптөгөн товар түрлөрү боюнча экспорттун олуттуу өсүшү байкалды:
Өндүрүүчүлөр үчүн негизги артыкчылык — чоң рынокко чыгуу, бирдиктүү стандарттар жана жабдуулар менен чийки затка болгон бажы төлөмдөрүнүн төмөндөшү.
Кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн артыкчылыктар:
- Орусия, Казакстан, Беларустун жана Армениянын рынокторунда кыргыз ишкерлерине кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды?
- Кыргыз ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды десек жаңылышпайбыз. Аларды белгилеп өтөлү:
- Биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандыктар үчүн эмне өзгөрдү — жумушка орношуу, медициналык жардам жана билим алуу жеңилдедиби?
- Эмгек рыногундагы жана социалдык коргоодогу шарттар жакшырды.
Жөнөкөйлөтүлгөн кирүү жана иштөө тартиби: ички документ (ID) менен кирүүгө уруксат, 30 күнгө чейин катталуу, дароо эмгек келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү, бир катар кесиптер боюнча дипломдорду түздөн-түз таануу. «Чек арасыз эмгек» аттуу платформа бар.
Социалдык камсыздоо жана медицина:
Орусияда жылына орто эсеп менен 600–650 миң Кыргызстандын жарандары мыйзамдуу иштейт, бул үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатып, которууларды көбөйтөт.
- ЕАЭБ мүчөлүгү Кыргызстандын экономикалык туруктуулугун жана эл аралык байланышын чыңдады деп айта алабызбы?
- ЕАЭБге мүчөлүк макроэкономикалык туруктуулукту бекемдеп, бюджеттин көрсөткүчтөрүн жакшыртты жана карыз жүгүн азайтты. Ички дүң өнүмдүн өсүшү, экспорттук кирешелердин, инвестициялардын жана чет өлкөдөн келген акча которуулардын көбөйүшү бул интеграция өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун чыңдаганын тастыктайт.
ЕАЭБ жаңы рынокторго чыгуу үчүн биргелешкен макулдашуулар аркылуу платформа болуп берди. Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууда.
Египет, Индонезия, Индия жана Тунис менен ЭСТ боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул келишимдердин алкагында бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү гана эмес, стандарттарды бирдей кылуу да каралган, бул жаңы рынокторго чыгууну жеңилдетет. Кыргызстан глобалдык сооданын активдүү катышуучусу болуп калды.
Ошол эле учурда Орусия жана Казакстандагы суроо-талапка жана тышкы конъюнктурага көз карандылык тобокелдиктери сакталып турат. Ошондуктан маанилүү милдет катары экспорттун багыттарын диверсификациялоо жана ички өндүрүштү өнүктүрүү зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу өлкөнүн экономикалык туруктуулугун бекемдеп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Соода жана транспорттук тоскоолдуктар азайып, чакан жана орто ишканалар бирдиктүү рынокко чыгууга, кооперациялык долбоорлорго, финансылык колдоого ээ болушту. Мындан тышкары мигранттардын эмгек укуктары, медициналык камсыздандыруу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жакшырды. ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүшкө жетип, макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшырды, экспорт жана инвестициялар көбөйдү. Жалпысынан интеграция өлкө үчүн узак мөөнөттүү өсүш жана глобалдык рынокто өз ордун чыңдоо үчүн маанилүү платформаны камсыз кылды.