Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө “Даража Инвест” ишканасынын санитардык эрежелерди бузуп иштеп келгени аныкталды. Муну Бишкек мэриясынын маалымат кызматы 20-январда билдирди. Рейддин жүрүшүндө аталган ишкананын кызматкерлери курулуш таштандыларын Кара-Дарыя жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча суусуна таштап келгени белгилүү болду.
Буга байланыштуу “Даража Инвест” ишканасынын техникалык көзөмөл боюнча жооптуу кызматкеринин атына “КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, чара колдонуу үчүн Октябрь райондук административдик комиссиясына жиберилди.