Руслан Сагдеев VI Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль жеңди
Руслан Сагдеев Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, ал 94 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 3-орун үчүн болгон беттеште Марокко мамлекетинин балбаны Хамза Элфаризди жеңип алган.
Автор: Кылымбек БейшеевФото: Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги