Мээрим Жуманазарова Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарынын чемпиону болду.
Алтын байге үчүн беттеште ал өзбекстандык атаандашын 11:0 эсебинде утуп алды. Жуманазарова турниге 68 килограмм салмактык ченде катышты.
Финалга чейин ал Бангладештен жана Азербайжандан келген балбан кыздарды жеңген болчу.