Айпери Медет кызы Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарында алтын медаль тагынды.
76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Медет кызы финалда нигериялык Дамола Оджону 11:1 эсебинде утуп алды. Муну менен ал турнирдин чемпиону аталды.
Буга чейин ал казакстандык жана түркиялык балбан кыздарды жеңген.