Биз социалдык тармакта

Токтогулда 14 жаштагы кызды алты айдан бери зордуктап жүргөн жигиттер кармалышты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда зордуктоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда облус милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 20-ноябрда милицияга Токтогул шаарынын 1984-жылы туулган М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда июнь айынан 20-ноябрга чейинки аралыкта анын 2011-жылы туулган кызын Б.Э. жана С. аттуу балдар күч колдонуп зордуктап жүрүшкөндүгүн билдирди.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголду. Натыйжада 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттуу жергиликтүү тургундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан