Билол Шарип уулу VI Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 65 килограмм салмак категориясында күч сынашкан эркин күрөшчү алгач палестиналыкты жеңип, чейрек финалда тажикстандык балбанга утулуп калган. Бирок ал көңүл жубатуучу беттеште тунистик атаандашын жеңип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште бахрейндикти уткан.
Шарип уулу буга чейин да Сербияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль
тагынган.