Смадияр Жумакадыров Японияда өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал 60 килограммга чейин салмак категориясында күч сынашып, финалда түркиялык атаандашын жеңип алган.
Буга чейин XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында сурдо-дзюдо боюнча катышкан кыргызстандык Байсалбек Орозали уулу коло медалга ээ болгон.
Токио шаарында өтүп жаткан сурдлимпиада оюндарына өлкө атынан барган 19 спортчу эркин жана грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча күч сынашууда.