Динмухамед Бигелдиев XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында коло медаль утту

Динмухамед Бигелдиев Японияда өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал турнирге 67 килограммга чейин салмак ченинде күч сынашкан. Спортсмен мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач Андрей Самаринге 2:5 эсебинде жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыктан Бигелдиев көңүл жубатуучу беттешке жолдомо алган. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон беттеште ал Дилиан Димитров-Степановду 8:0 эсебинде жеңип алды.
Ал эми 3-орун үчүн таймашта армениялык Жора Григорянды 8:0 эсебинде утуп алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан