Нарту Абдрахманов Японияда өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, 97 килограмм салмак категориясында катышкан балбан 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Ислам Рзаевди жеңип алды.
Буга чейин XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн
Динмухамед Бигелдиев коло байгеге татыганы
маалымдалган. Ал эми күрөштүн ушул эле түрүнөн
Смадияр Жумакадыров алтын медаль утуп алды.