Бишкек шаарынын мэриясы мекемеге караштуу бардык бөлүмдөргө жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизгенин билдирди.
Маалымдалгандай, чектөө ашыкча чыгымды алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо максатында киргизилген. Анда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө, ал үчүн акча чогултууга тыюу салынган.
Майрамдык иш-чараларды адиминистративдик жайларда гана кызматкерлерди куттуктоо жана жыл жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу менен өтөрүүгө уруксат берилген.
Калаа бийлиги мэриянын тутумундагы бардык мекеме-уюмдардын жетекчилерине корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жол бербөөнү камсыздоо тапшырмалары берилгенин кошумчалады.