Биз социалдык тармакта

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолун талкуулоо боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорунун жүрүшүн талкуулоо боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 20-ноябрда болгон жолугушууга өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытай тараптан атайын өкүлдөр катышышкан.
"Иш-чарада тараптар долбоордун учурдагы абалын карап чыгышып, темир жол курулушу практикалык баскычка өткөнүн белгилешти. Министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин белгилеп, курулуш иштерин тездетүү үчүн Кыргызстан бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, уюштуруучулук жана административдик иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан