Биз социалдык тармакта

Аялдар көппү же эркектерби? БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турчу шайлоочулардын тизмесин бекитти.

Мекеме шайлоочулардын тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо участокторунда илине турганын белгиледи. Тизмеге 4 миллион 294 миң 243 шайлоочу кирген.

  • эркектер – 2 миллион 81 миң 514 же шайлоочулардын 48,47 пайызы;
  • аялдар – 2 миллион 212 миң 729 же шайлоочулардын 51,52 пайызы.

Жашы боюнча:

  • 18 жаштагылар – 104 миң 693 же 2,44 пайыз;
  • 19-35 жаштагылар – 1 миллион 707 миң 851 же 39,77 пайыз;
  • 36-45 жаштагылар – 923 миң 975 же 21,52 пайыз;
  • 46-55 жаштагылар – 650 миң 851 же 15,16 пайыз;
  • 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31 пайыз;
  • 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80 пайыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан