Биз социалдык тармакта

Кийинки жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөт

Кийинки жылдын апрель айынан баштап дарыгерлердин, дегеле бардык саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

Министр саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендер көп болгондуктан маянаны көтөрүү мамлекеттик бюджетке бир топ эле күч келтирерин белгилеп, бирок мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.

Чечейбаев учурда орточо айлык акы 23 миң сом болсо, жогорулатылгандан кийин 35-36 миң сомго чыгарын белгиледи. Ал тажрыйбасы жогору, тоолуу аймакта иштегендердики 100 миңге барарын кошумчалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан